ВИВЕКАНАНДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИВЕКАНА́НДА Свами (монахча аты); чыны­гы ысмы – Н а р е н д р а н а т х Д а т т (12.1.1863, Калькутта,– 4.1.1902, Белур) – ин­диялык ойчул-гуманист, философ, дин рефор­матору, коомдук ишмер. 1893-жылы Веданта окуу­сун үгүттөө, таратуу максатында Вивекананда АКШ, Япония, Улуу Британия ж. б. көп өлкөлөрдү кыдырган. 1897-жылы «Рамакришна миссиясы» деп аталган диний-реформатордук коомду уюшту­руп, аны Индияда динди жандандыруунун бор­боруна айландырган. Вивекананда адамзатты «куткаруу­нун» бирден бир каражаты – коомдун, өткөндүн руханий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеп, буларды жүзөгө ашырууда, айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адаттарына, байыр­тан келаткан бай диний жөрөлгөсүнө, рухий салт-санаасына чоң маани берген. Дүйнөдөгү бардык диндердин рухий бирдейликтерин бел­гилей келип, Вивекананда ошол эле учурда «бардык дин­дердин энеси» деп индуизмди эсептеген. Ин­дуизмдин философиялык негизин ведантадан көргөн. Вивекананданын социалдык көз карашынын негизинде коомдук прогресстин төрт баскычы жатат, башкача айтканда прогресстин жүрүшүндө төмөндөн өйдөнү көздөй ырааттуу жогорулап (брахмандардын, кшатрие­лердин, вайшьелердин, шудрлардын варналары) жүрүп отурат. Азыркы коомдо «вайшьелер доо­рунун арааны», келечекте – «шудрлар доору­нун арааны» жүрөт делет.