ВИДЕОЖАЗУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕОЖАЗУУ (видео... ж-а жазуу) – сү­рөттөлүштү, радиолокациялык ж. б. сигналдар­ды видеомагнитофондун жардамы м-н телеви­зордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык ж-а мех. ыкма м-н жазы­лат. Телекөрсөтүүдөгү В. – даректүү ж-а көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жол­дорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жа­зып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга ж-а монтаждаганга караган­да видеомагнитофонго В. программадагы берүү­лөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсө­түүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. В. спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.