ВИДЕОТЕЛЕФОН
ВИДЕОТЕЛЕФО́Н – сүйлөшкөндөрдүн үнү м-н кошо экран аркылуу өңүн көргөзүүчү байланыштын түрү. Видеотелефондун кабыл алуучу бөлүгүндө кинескоп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк – видикон болот. Экранда сүрөт ак-кара түстө көрсөтүлүп, сүрөттүн өлчөмү 25x37ден 50x75 ммге чейин жетет. Видеотелефон шаар аралык телефон станциясынын атайын жабдылган сүйлөшүү пункттарына орнотулат. Телефон байланышынын бул түрү сүйлөшүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди ж-а схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.