ВИЖНЯНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЖНЯ́НА (санскритче айырмалоо, ажыратып билүү) – буддизмдин эки негизги мектебинин бири – махаяналар окуусуна таандык, Байыр­кы Индия таанып-билүү теориясы м-н психо­логиясындагы нерселерди бири-биринен айыр­малай алууга, өзгөчөлүктөрүн ажырата билүүгө жөндөмдүү талдоого гана негизделгендикти бил­дирген түшүнүк. Вижняна боюнча ар кандай мазмундун баарынан ажыратылган таптаза аңсезим гана – дүйнөдөгү бирден бир реалдуулук. Ааламдагы сан-түркүн нерсенин баары – Вижнянанын гана ар кыл көрүнүштөрү. Адам деген шарттуу атама: зат­тык дүйнө денеден, заттык эмес дүйнө зээнден ж-а Вижняна аңсезимден турат.