ВИКИНГДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКИНГДЕР – өз жерлерине ж-а Европанын башка өлкөлөрүнө талап-тоноочулук жортуул­дарга чыгып турган о. кылымдагы скандинавия-


Викингдердин согуштук кемеси (Усеберг. Норвегия).


лык деңиз каракчыларынын кошуундарынын мүчөлөрү. В. доору деп 8-кылымдан 9-кылымдын ортосу­на чейинки мезгил аталат. Алар согушчан, мык­ты жоокер болушуп, европалык элдерге чоң коркунуч туудуруп турушкан. В-ди Батыш ев­ропалыктар нормандар, Руста ж-а Византияда варягдар деп аташкан. В. башка жерлерге жор­туулдарга аттануусуна аларда эгин эгүүгө жа­рактуу жерлердин тартыштыгы да себеп бол­гон. Байыртадан кеме жасоо өнөрүн мыкты би­лишкен скандинавиялыктар деңиз жолу аркы­луу Түн. Америкага, Жер Ортолук деңизге че­йин жетишкен. Алар талап-тоноочулук м-н гана чектелишпестен, чет элдиктер м-н соода-сатык мамилелерин да жүргүзүшкөн. О. эле алардын кошуундары жерг. башкаруучуларга жалданып кызмат өтөшкөн. В-дин башка элдерге жор­туулдары 8-кылымдагы Франк мамлекетине жүрүшү­нөн башталат. Кийинчерээк алар Англия, Шот­ландия, Ирландияга, орус жерлерине да жүрүш­төрдү уюштурушкан. Франциянын түндүгүндө В-дин Нормандия герцогдугу түзүлүп, бул мам­лекет 11-кылымдан Англияны, Түш. Италия м-н Си­цилияны өзүнө багындырып, өз королдугун не­гиздеген. Исландия а-на отурукташкан В. Грен­ландияга, андан Түн. Американын жээктерине чейин жетип, конуштаган жерлерин Винланд, Маркланд, Хеллуланд деп аташкан. В-дин жоо­керчилик жортуулдары 11-кылымда токто гон.

Ад.: Гуревич А. Я. Походы викингов. М., 1966.