ВИЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЛА (лат. villa – короо-жай, кыштак) – шаар сыртына курулган бак-дарактуу үйдүн бир түрү. Виллалар б. з. ч. 3-кылымда Италияда пайда болуп, 2– 1-кылымда бүткүл Жер ортолук деңиздин боюна та­раган. Бул учурдагы Виллалар турак жай ж. б. ку­рулуштардан турган архитектуралык комплекстен түзүлгөн.

Страдагы Пизани вилласы (Түндүк Италия). 1720-жылы курулган. Архитектор Ж. Фриужимелина, Ф.-М. Прети.

Кийинчерээк (империя доорунда) тер­расалуу, парк-павильондору бар Виллалар салын­ган. 15–17-кылымда Вилла салуу Италияда өнүккөн. Кайра жаралуу доорунун орто ченинде башкы имараты – казиносу бар Вилла куруу салтка айлан­ган. 19-кылымдан шаар сыртына же дем алуучу жай­ларга салынган бак-паркы бар комфорттуу үйлөр Вилла деп аталат.