ВИЛЬГЕЛЬМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:53, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЛЬГЕ́ЛЬМ II Гогенцоллерн (27.1.1859, Бер­лин – 4.6.1941, Нидерланд, Дорн) – Германия императору ж-а Пруссия королу (1888–1918). Вильгельм Iнин небереси. 1890-жылы ал Бисмарк­ты отставкага кетүүгө мажбурлап, өзүнүн дүйнөдө Германиянын гегемондугун бекемдөөгө багытталган «жаңы багыт» саясатын жүргүзө баштаган. Биринчи дүйнөлүк согушту чыгаруу­га активдүү көмөк көрсөткөн. 1918-жылдын 9-ноябрындагы революцияда тактан кулатылып, Ни­дерландга качып кеткен. 1918-жылы 28-ноябрда тактыдан баш тарткан.