ВИЛЬГЕЛЬМ III ОРАНСКИЙ
ВИЛЬГЕ́ЛЬМ III ОРА́НСКИЙ (14.11.1650, Гаага – 19.3.1702, Лондон) – 1674-жылдан Нидерланддын штатгальтери (башкаруучусу), 1689- жылдан Англия королу. 1688–89-ж. Англиядагы кан төгүүсүз ишке ашкан мамл. төңкөрүштүн («Даңктуу революциянын») жүрүшүндө англ. такка чакырылган. 1694-ж. чейин аялы Мария II Стюарт (король Яков IIнин кызы) м-н чогуу башкарган. Анын тушунда кабыл алынган «Укуктар жөнүндөгү билль» б-ча Англияда конституциялык монархия орной баштаган. Король мамлекетти парламент м-н чогуу башкарууга милдеттүү болгон.