ВИЛЬНЮС
ВИ́ЛЬНЮС – Литва Республикасынын борбор шаары. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 542 миң (2006). Литванын башкы экономикалык, илимий ж-а маданий борбору. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нярис ж-а Вильня дарыяларынын кошулган жерине жакын 1000-жылы ченде жыгач бург (сепил) ж-а бутпарастык храм салынган.

1251-жылы литвалык князь Миндовг чокундурулган ж-а ал таштан чиркөө салдырган, кийинчерээк (1253) ушул жерде аны королдук такка отургузуу аземи өткөрүлгөн. Алгач Вильня (13-кылымдан Вильно) аталып, 1323-жылдан Улуу Литва княздыгынын борбору. 1991-жылдын 6-августунан Литва Республикасынын (1990-жылы 11- мартта көз карандысыздыкка ээ болгон) борбору. 13–14-кылымда Вильня дарыясынын чатында үч сепилден турган [Жогорку (Гедимино, 14–15-кылым), Төмөнкү (Эски арсенал, 15-кылым; Жаңы арсенал, 15– 16-кылым; учурда улуттук музей)] чеп комплекси курулган. 15–18-кылымдын архитектуралык ансамблдери: Ыйык Анна (16-кылым), Пётр ж-а Павел (17-кылым) чиркөөлөрү, Аушрос дарбазасы (1502–22), ренессанс стилиндеги Алумната сарайы (18-кылым) ж. б. сакталган. Шаардын борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Көптөгөн эстеликтер тургузулган. Литва илимдер Академиясы (1941), 50гө жакын илим-изилдөө институттары, Вильнюс университети (1579), сүрөт искусство, музыка ж-а театр академиялары, университеттер (анын ичинде Литва юридикалык, 2002), улуттук сүрөт галереясы, янтарь музейи (1995), опера ж-а балет, куурчак театрлары ж. б. бар. Улуттук филармония (1940), улуттук симфониялык, Литва камералык оркестрлери иштейт. М. Чюрлёнис атындагы пианисттер м-н органисттердин эл аралык конкурсу, 1968-жылдан эл аралык орган фестивалы, ыр майрамы (1946, 1950) кийин 5 жылда бир өткөрүлөт. Өнөр жайынын башкы тармагы – прибор, станок куруу ж-а электр-техника тармактары. Беларусь ж-а Литва биргелешкен «МАЗ – Балтия» автомобиль чогултуучу ишканасы, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт.
Ад.: Гудавичюс Э. История Литвы: с дрейнейших времён до 1569 г. М., 2005.