ВИЛЬНЮС
ВИ́ЛЬНЮС – Литва Респ-нын борбор ша ары.
Өлкөнүн түш.-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 542 миң (2006). Литванын башкы экон., ил. ж-а маданий борбору. Ири жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Нярис ж-а Вильня д-нын кошулган жерине жакын 1000-ж. Ченде жыгач бург (сепил) ж-а бутпарастык храм салынган.

1251-ж. литвалык князь Миндовг чокундурулган ж-а ал таштан чиркөө салдырган, кийинчерээк (1253) ушул жерде аны королдук такка отургузуу аземи өткөрүлгөн. Алгач Вильня (13-кылымдан Вильно) аталып, 1323-жылдан Улуу Литва княздыгынын борбору. 1991-жылдын 6-августунан Литва Респ-нын (1990-ж. 11- мартта көзкарандысыздыкка ээ болгон) борбору. 13–14-кылымда Вильня д-нын чатында үч сепилден турган [Жогорку (Гедимино, 14–15-к.), Төмөнкү (Эски арсенал, 15-к.; Жаңы арсенал, 15– 16-к.; учурда улуттук музей)] чеп комплекси курулган. 15–18-кылымдын арх-ралык ансамблдери: Ыйык Анна (16-к.), Пётр ж-а Павел (17-к.) чиркөөлөрү, Аушрос дарбазасы (1502–22), ренессанс стилиндеги Алумната сарайы (18-к.) ж. б. сакталган. Шаардын борб. бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Көптөгөн эстеликтер тургузулган. Литва ИА (1941), 50гө жакын ил.-из. ин-ттар, Вильнюс ун-ти (1579), сүрөт искво, музыка ж-а театр академиялары, ун-ттер (а. и. Литва юридикалык, 2002), улуттук сүрөт гал., янтарь музейи (1995), опера ж-а балет, куурчак театрлары ж. б. бар. Улуттук филармония (1940), улуттук симфониялык, Литва камералык оркестрлери иштейт. М. Чюрлёнис атн. пианисттер м-н органисттердин эларалык конкурсу, 1968-жылдан эларалык орган фестивалы, ыр майрамы (1946, 1950) кийин 5 жылда бир өткөрүлөт. Өнөржайынын башкы тармагы – прибор, станок куруу ж-а электр-тех. тармактары. Беларусь ж-а Литва биргелешкен «МАЗ – Балтия» автомобиль чогултуучу ишканасы, жеңил, тамак-аш өнөржайлары ишт ейт.
Ад.: Гудавичюс Э. История Литвы: с дрейнейших времён до 1569 г. М., 2005.