ВИЛЮЙ
ВИЛЮ́Й (якутча – Б и л ю) – негизинен Якутиядагы дарыя. Ленанын сол куймасы. Узундугу 2650 км, алабынын аянты 454 миң км2. Ортоңку Сибирь бөксөтоосу ж-а Борбордук Якут түздүгү аркылуу агып өтөт. Чернышевский кыштагы тушта ГЭС ж-а суу сактагыч курулган. Негизги куймалары: Чона, Улахан-Ботуобуя, Оччугуй-Ботуобуя (оң), Ыгыатта, Марха, Тюнг (сол). Орточо чыгымы 1480 м3/сек. Октябрдын ортосунан майдын орто ченине чейин тоңот. Чатынан 1371 кмге (суусактагычтан суу коё берилгенде Чернышевский кыштагына чейин) кеме жүрөт. Балык (осётр, таймень, ленок, нельма, чир) кармалат. Башкы порттору: Чернышевский, Нюрба, Вилюйск.