ВИНЕР
ВИ́НЕР (Wiеner) Норберт (26.11.1894, Колумбия, Миссури штаты – 19.03.1964, Швеция, Стокгольм) – америкалык окумуштуу, философия доктору, профессор 14 жашында жогорку математикалык билимге ээ болгон, 18 жашында математикалык логикадан диссертация жактап, философия доктору наамын алган. «Мен вундеркиндмин» китебинде өзүнүн бала чагын баяндаган (1953). Массачусетс технология институтунда мугалим (1919), профессор (1932-жылдан). Математикалык логика ж-а теориялык физика, потенциал теориясы, гармониялык функциялар, жалпы гармониялык анализ ж. б. боюнча эмгектери бар (1920–30). А. Н. Колмогоров м-н байланышпастан, стационардык кокустук процесстеринин интерполяция ж-а экстраполяция теориясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Жогорку процесстер үчүн фильтрация теориясын иштеп чыккан, ал техникада кеңири колдонулат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Винер электр тармактары, эсептөө техникасы ж-а баллистикалык эсептөөлөр боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1945–47-жылдары Мехико шаарында кардиология институтунда иштеген. Ошол жылдары башкаруу процесстери ж-а информацияны кайра иштеп чыгуу ж-а аны аралыктан берүү боюнча бирдиктүү илим түзүү жөнүндөгү ойлорун айтып, илимге кибернетика терминин сунуштаган.
Эмг.: Кибернетика и общество. М., 1958; Интеграл Фурье и некоторые его приложения. М., 1963; Новые главы кибернетики. М., 1963.