ВИНОГРАДНЫЙ (Аламүдүн районундагы кыштак)
ВИНОГРА́ДНЫЙ 1 – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Васильевка айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй д-нын сол жээгинде, деңиз деңг. 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 38 км түн.-батыш тарапта. Пишпек темиржол бекетинен 40 км. 1910-ж. негизделген. Калкы 3488 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, ФАП, клуб, китепкана, универмаг, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Жоопкерчилиги чектелген «Шабдан-Багратиони» ишканасы иштейт.