ВИНОГРАДОВ Иван Матвеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДОВ Иван Матвеевич [2 (14).9.1891, Россия, Псков обл., азыркы Великие Луки р-ну, Милолюб кыш. – 20.03.1983, Москва] – мате­матик, СССР ИАнын акад. (1929), эки жолку

Соц. Эмг. Баатыры (1945, 1971), Петербург ун-тин бүткөн (1914). 1918–20-ж. Пермь ун-тинде, 1920–34-ж. Ленинград политех. ин-тун­да ж-а Ленинград ун-тинде доцент, проф. 1932-жылдан СССР ИАнын Математика ин-тунун директору, «Мате­матика энциклопедиясы­нын» (1–5-т., М., 1977–85) башкы редактору, «Извес­тия АН СССР. Серия математическая» журна­лынын башкы редактору (1948). В. 20-кылымда ма­тематикада чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген проблемаларды чечкен, тригонометриялык сум­малар ыкмасын түзгөн. Лондон король коому­нун (1942), көптөгөн башка ил. мекемелердин ж-а дүйнөлүк коомдордун ардактуу мүчөсү бол­гон. М. В. Ломоносов атн. алтын медаль алган (1971). Ил. эмгектери негизинен анализдик сан­дар теориясына арналган. Лениндик (1972) ж-а СССР мамл. (1941, 1983) сыйл. лауреаты. 6 Ле­нин, Октябрь Революциясы ордендеринин ээси. Россия ИАда И. М. Виноградов атн. сыйлык белгиленген (19 93).

Эмг.: Избр. труды. М., 1952; Метод тригономет­рических сумм в теории чисел. М., 1980; Основы теории чисел. М., 1981.