ВИОЛОНЧЕЛЬ
ВИОЛОНЧЕ́ЛЬ (итал. violencello – кичирейтүү, violonе – контрабас) – скрипка түркүмүнө кирген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу муз. аспап. Жалпы уз. 1550–1560 мм,
турпатынын уз. 760 мм. Кылдары квинтага күүлөнөт.

Диапазону 5 октавага жетет. Ансамблде, оркестрде (айрыкча симф. оркестрде 12ге чейин) ж-а жеке номерлерди аткарууга колдонулат. 16-кылымдын башында пайда болгон. 17–18-кылымда итал. усталар А. Амати, Ж. Гварнери, орус усталары И. А. Батов, Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Подгорный ж. б. В-дин мыкты үлгүлөрүн жасашкан. Комп. И. С. Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостакович ж. б. В. үчүн концерттерди, сюиталарды, сонаталарды жазышкан.