ВИСКОЗА БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИСКО́ЗА БУЛАСЫ – табигый целлюлозаны химиялык жол м-н иштетүүдөн алынган жасалма була. Аны даярдоо төмөнкү этаптардан турат: вискоза эритмесин даярдоо, формага келтирүү ж-а кургатуу. Ал колдонулушуна жараша тек­стиль жиби, корд, штапель булалары түрүндө чыгарылат. Көпчүлүк органикалык эриткичтердин таа­сирине туруктуу. Аны алуу арзан ж-а андан даярдалган кездемелер түрдүү түскө жакшы боёлот, жакшы гигиеналык сапатка ээ. Бирок суу кезинде тез бырышат, сүрүлүүгө чыдамсыз ке­лет. Ошондуктан, аны модификациялоо м-н бышыктыгы жогорулатылат. Жибек, штапель ж-а кебез же жүн кездемелерге кошулат; тор ж-а абдан бышык техникалык буюмдарды жасоодо кол­донулат.