ВИСКОЗА БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИСКО́ЗА БУЛАСЫ – табигый целлюлозаны хим. жол м-н иштетүүдөн алынган жасалма була. Аны даярдоо төмөнкү этаптардан турат: вискоза эритмесин даярдоо, формага келтирүү ж-а кургатуу. Ал колдонулушуна жараша тек­стиль жиби, корд, штапель булалары түрүндө чыгарылат. Көпчүлүк орг. эриткичтердин таа­сирине туруктуу. Аны алуу арзан ж-а андан даярдалган кездемелер түрдүү түскө жакшы боё- лот, жакшы гигиеналык сапатка ээ. Бирок суу кезинде тез бырышат, сүрүлүүгө чыдамсыз ке­лет. Ошондуктан, аны модификациялоо м-н бышыктыгы жогорулатылат. Жибек, штапель ж-а кебез же жүн кездемелерге кошулат; тор ж-а абдан бышык тех. буюмдарды жасоодо кол­донулат.