ВИСМУТ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́СМУТ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө висмут металлы бар минералдардын жаратылыштагы жыйындысы. Кенташта (рудада) висмут өзүнүн минералдары, о. эле башка минералдардын ко­шундусу түрүндө кезигет. Дүйнө б-ча өндүрүлүп жаткан висмуттун 90%ке жакыны курамында висмуту бар коргошун-цинк, жез, калай ж. б. кенташтарынан алынат. Арбын өлчөмдө (1%тен жогору) висмуту бар. В. к-нын кени жараты­лышта сейрек. Кенташтын курамында кезигүүчү висмуттун минералдары: табигый висмут (ку­рамындагы Bi 98,5–99%), висмутин Bi2S3 (81,30%), тетрадимит Bi2Te2S (56,3–59,3%), ко­залит Pb2Bi2S5 (42%), бисмит Bi2O3 (89,7%), бис­мутит Bi2CO3(ОН)4 (88,5–91,5%). Эндоген кенде­ри пайда болушу жагынан гранит интрузияла­ры м-н байланыштуу болуп, постмагмалык ж-а гидротерм жолу м-н жаралган. Алардын негиз­ги типтери төмөнкүдөй: курамында вольфра­мит, берилл, молибденит, висмутин ж-а коза­лити бар грейзен ж-а кварц тарамчалары; вис­мутин ж-а висмуттун ар кандай сульфотуздары бар скарндар (шеелиттүү, жездүү ж-а полиме­таллдуу); висмуту бар колчедандар; алтын-вис­муттуу, мышьяк-висмуттуу, жез-висмуттуу, висмут минералы бар, калай-сульфиддүү, вис­мут минералы м-н висмуту бар полиметаллдуу, кобальт-никель-күмүш-уран-висмуттуу гидро­терм кендери. Экзогендик шартта алгачкы кен­дердин бузулуп үбөлөнүшүнөн базобисмутиттүү ж-а бисмутиттүү аллювий ж-а делювий-аллю­вий кен чачындылары пайда болот. В. к-нын чет өлкөлөрдөгү ири кендери: Перу (Серо-де-Пас­ко), Канада, Боливия, АКШ ж. б.; КМШ өлкө­лөрүндө: О. Азия (Адрасман ж. б.) м-н Чыгыш Забайкальеде (Белуха, Букума, Дарасун), Ка-


закстанда (Сарарка, Рудалуу Алтай) ж. б. жер­лерде бар. Кырг-нда В. к-нын кени Иле Алатоо­сунан табылган (Миронов ке ни).

Ад.: Минцер Э. Ф., Попова Н. Н. Месторождения висмута //Рудные месторождения СССР М., 1978. 2-е изд. Т. 2; Авдонин В. В. и др. Месторождения металлических полезных ископаемых. М., 2005.