ВИТАМИНДҮҮ ТОЮТ
ВИТАМИНДҮҮ ТОЮТ – витамини көп аралаш тоют. Аны рационго кошуп, малга керектүү витаминди толуктоого болот. А витамини каротинге бай көк чөптө көп. 1 кг тоюттагы каротин (мг м-н) уйбедеде 30–161, бедеде 61, кызылча жалбырагында 30–40, жакшы кургатылган чөптө 20–30, чөп унунда 100–250, жүгөрү силосунда 15–46, сабизде 70–95, чанактуу өсүмдүктөрдө 30–100; Д витамининин провитамини чанактуу өсүмдүктөрдүн кургак чөбүндө 750–900, уузда Д витамини 100–200, о. эле балык майында 50 000; Е витамини (мг) чанактуу өсүмдүктөрдүн көк чөбүндө 100–150, кургатылганында 70, көкбедеде 154, кургатылганында 25, буудай улпагында 3; В1 витамини (мг) буудай, кара буудай улпагында 5, арпада 4, жүгөрүдө 3; В2 витамини (мг) тоют ачыткысында 39–40, балык унунда 7–8, эт сөөк унунда 5, майы алынып кургатылган сүттө 20–21; В12 витамини (мг) балык унунда 30–33, балык майында 30–80, этсөөк унунда 40–80; С витамини (мг) көкбедеде 900, кургагында 140, уйбедеде 400, кургатылганында 90, тоют кызылчасында 80, жүгөрү силосунда 60, уй сүтүндө 14 ж. б.