ВИТИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТИ́М – Чыгыш Сибирдеги дарыя, Ленанын оң куймасы. Узундугу 1837 км, алабынын аянты 225 миң км2. Витимкан ж-а Чина дарыяларынын кошулу­шунан түзүлөт. Витим бөксө тоосу, Становой тайпак тоосунун чети м-н агып, чатына жакын дельтаны пайда кылат. Босоголуу. Негизги куй­малары: Ципа (сол), Калар (оң). Орточо чыгымы 1520 м3/сек. Майдан ноябрга чейин суусу ки­рет. Ноябрдан майдын ортосуна чейин тоңот. Чатынан 300 кмге чейин кеме жүрөт. Боюнда Бодайбо шаары жайгашкан. Алабында алтын, слю­да кендери бар.