ВИШИ ӨКМӨТҮ
ВИШИ́ ӨКМӨТҮ (1940–44) 2-дүйнөлүк согуштун учурунда француз өкмөтү жайгашкан Виши шаарынын атынан аталган. Франциянын жеңилиши м-н 1940-жылы 22-июнда жарашууга кол коюлуп, Франциянын түндүк бөлүгү Париж м-н бирге фашисттер тарабынан оккупацияланган. Өлкөнүн калган бөлүгү көз карандысыздыгын шарттуу түрдө сактап калып, Виши шаары мамлекеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошентип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон. Франция территориясынын 1/3 бөлүгү бул өкмөттүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демократиялык түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Бардык саясий партиялар таркатылган, профсоюздарга тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери сот жообуна тартылган, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. Тышкы саясатта Петен Германия м-н кызматташууга чакырган. 1944-жылы германиялык аскерлердин өлкөнүн аймагынан чегинүүсү м-н жоюлган.