ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ [1925-жылга чейин РКП(б) БКнын Орто Азия Бюро­су] – 1922-жылы апрелде РКП(б) БКнын Түркстан бюросунун ордуна түзүлгөн жетекчи орган. Анын бөлүмдөрү ж-а партиялык уюмдарга жетекчилик кы­луучу аткаруу комиссиялары болгон. ВКП(б) БК бюро мүчөлөрүнүн санын белгилеген ж-а бе­киткен. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун биринчи төрагасы С. И. Гусев, андан кийин 1922–24-жылдарда Я. Э. Рудзутак болгон. 1924-жылы ал кызмат ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун биринчи секретары деп аталып, анда И. А. Зеленский (1924–31) ж-а К. Я. Бауман (1931–34) иштеген. 1924-жылы Бюро секретарларынын саны көбөйгөн. Орто Азия республикаларындагы партиялык-советтик уюмдарынын жетек­чилери (Ф. Хожаев, А. Осмонбеков, К. Атабаев, Т. Рыскулов, Р. Исламов ж. б.) ал Бюрого мүчө болушкан. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросу жергиликтүү калк­тан партиялык, мамлекеттик, чарба кадрларын даярдоодо зор милдет аткарган; Орто Азияда Совет бийли­гин орнотууга ж-а чыңдоого, чет өлкөлүк ин­тервенттерди ж-а ички революцияга каршы кый­мылды басууга жетекчилик кылган. 1924–25-жылы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү, республикалардын ж-а республикалык компартиялардын тү­зүлүшү, 1924–29-жылдарда жер-суу реформаларын жүр­гүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү, аялдар азаттыгы­на байланыштуу маселелерди чечүүгө байланыш­туу иштер, ошондой эле индустриялаштыруу, коллек­тивдештирүү ж-а маданий революция Бюронун жетек­чилиги м-н аткарылган. 1936-жылдан Орто Азия ж-а Казакстанда өз алдынча Коммунисттик партиялары ж-а алардын борбордук комитеттери иштей баштагына байланыштуу Орто Азия бюросунун зарылдыгы болбой калган. 1939-жылы Бюро ВКП(б) БКнын чечими боюнча жоюлган.

К. Дүйшөналиев.