ВОЕЙКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЕ́ЙКОВ Александр Иванович [8(20).5.1842, Москва – 28.1 (10.2).1916, Санкт-Петербург] – орус климатологу ж-а географы. Россияда кли­матология илимине негиз салуучулардын бири. Санкт-Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1910), философия илимд. доктору (1865) ж-а физ. гео­графиянын урматтуу доктору (1880), Санкт-Пе­тербург ун-тинин проф. (1885). 1872–76-ж. Ба­тыш Европага, Түн., Түш. ж-а Борб. Америка­га, Индстанга, Кытайга, Цейлонго, Явага, Япо­нияга саякат жасаган. 1912-ж. 70 жаш кура-


гында О. Азияга ж-а Казакстанга келип байкоо жүргүзгөн. В. көптөгөн ил. эмгектердин автору, а. и. эң негизгиси – «Жер шарынын, анын ичин­де Россиянын климаты». Метеорологиялык ку­булуштарды ж-а климат процесстерин изилде­ген. Бул эмгеги үчүн Орус география коому В-ду чоң алтын медалы м-н сыйлаган. Закавказьеде чай, цитрус өсүмдүктөрүн, О. Азияда гозонун баалуу сортторун өстүрүү мүмкүн экенин анык­таган. «Едил менен Каспий деңизинин деңгээ­линин өзгөрүшү» (1871), «Кол менен сугаруу жана аны Кавказ менен Орто Азияда колдонуу» (1884) ж. б. эмгектери О. Азия ж-а Казакстан­дын географтарына зор таасирин тийгизген. В. климаттык ж-а геогр. кубулуштарды изилдөө үчүн биринчилерден болуп баланс методун кол­донгон. Анын эмгектери палеоклиматология, айыл чарба метеорологиясы, фенология илим­деринин негизин түзгөн. В-дун жетекчилиги м-н «Метеорологический вестник» журналы 1891–1935-ж. чыгып турган. Чет өлкөлүк (а. и. Россиянын) көптөгөн ил. коомдордун мүчөсү бол­гон. Санкт-Петербургдагы Башкы геофиз. обсер­ваторияга Азия антициклонунун бир тармагы­на ж. б-га В-дун ысымы берил ген.

Эмг.: Избр. соч. М.; Л., 1948–1957. Т. 1–4 (биографический очерк и список раб от).

Ад.: Тимашев А. К. А. И. Воейков. М., 1957; Творцы отечественной науки. Географы. М., 1996; Казакстан Улуттук энциклопедиясы. 3-т. А., 1999.