ВОЕЙКОВ ОГУ
ВОЕ́ЙКОВ ОГУ – Азия антициклонунун бир тармагы. Ал антициклондун борбордук бөлүгүнөн (Монголиянын аймагы ж-а Ч ыгыш Сибирдин түштүгүнөн) батышты карай Урал, Төмөнкү Волга боюна чейин созулат. Батыш Сибирь м-н Түндүк Казакстандын климатына зор таасир тийгизет; кышында ал аймактарда аяздуу суук аба ырайын пайда кылат. Воейков огунун чегинде циклондорго караганда антициклондор үстөмдүк кылары атмосфералык басымдын карталарында катталат. Бул кубулушту алгач (19-кылымдын аягында) аныктаган орус климатологу А. И. Воейковдун ысмынан аталган.