ВОЙНА-ДЕГА
ВО́ЙНА-ДЕГА [амхарча жүзүм зонасы, гр. oinos (война) – шарап] – Эфиопия тайпак тоосундагы 1700–1800 мден 2400 мге чейинки бийиктиктеги «мелүүн» алкак. Эфиопиянын калкынын эң көп отурукташкан бөлүгү. Анда жылдын эң жылуу мезгили – март (16–18°С), серүүн мезгили – июнь (13°С). Жылдык жаан-чачыны 1500– 2000 мм. Война-Дега алкагындагы кызыл топурактуу платолордо парк саванналары, күрөң топурактуу тоолордо (2100 мге чейин) жазы жалбырактуу, андан жогору ийне жалбырактуу (тисс, подокарпус) токойлор өсөт. Буудай, арпа, таруу, буурчак, жүгөрү, тэфф ж-а дагусса, тамеки, чай, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Бийиктиги 2000 мге чейинки жерлерде кофе плантациялары кездешет.