ВОЛГА
ВО́ЛГА , Э д и л (байыркы аты – Ра, орто кылымда – Итил) – Европадагы эң ири дарыя. Россиянын европалык бөлүгүндө. Узундугу 3530 км, алабынын

аянты 1360 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башталып, Казан шаарына чейин кеңдик, андан кийин меридиан багыттарында агат. Каспий деңизине куярда чоң дельтаны пайда кылат (19 миң км2). Волганын 200дөй куймасы бар; ирилери: Ока, Сура, Свияга (оң), Молога, Ветлуга, Бейшлот, ортоңку ж-а төмөнкү агымында Кама, Самара, Чоң Ыргыз (сол). Волга жогорку бөлүгүндө Жогорку Волга көлдөрү аркылуу агып, агымы суу сактагычтуу ГЭС каскаддары м-н жөнгө салынат. Ири ГЭСтери: Чебоксары, Волга (Куйбышев суу сактагычы), Волга (Волгоград суу сактагычы) ж. б. Волгоград шаары тушта суунун орточо чыгымы 724 м3/сек, чатында 7710 м3/сек. Ноябрдын аягы – декабрдын башынан апрелге чейин, төмөнкү агымында марттын ортосуна чейин тоңот. Волга Волга-Балтика суу жолу аркылуу Балтика деңизи, Түндүк Двина суу системасы ж-а Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз, Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы аркылуу Азов ж-а Кара деңиздер, Москва атындагы канал аркылуу Москва дарыясы м-н туташат. Суусу калкты суу м-н камсыз кылууга ж-а сугатка пайдаланылат. Балыктын 70тей түрү (анын 40 промыселдик) бар. Ржев шаарынан баштап кеме жүрөт (3256 км). Негизги өнөр жай борборлору ж-а порттору: Тверь, Ярославль, Нижний Новгород, Казан, Ульяновск, Самара, Саратов, Волгоград, Астрахань. Волганын алабында – Волга-Кама, Жигули, Астрахань коруктары, Самара Лукасы улуттук паркы бар. Антропогендик таасирден дарыя алабында экологиялык кескин терс кырдаал түзүлгөн.
Ад.: Львович М. И. Реки СССР. М., 1971; Воды России. Екатеринбург, 2000; Природно-ресурсные, экологические и социально-экономические проблемы окружающей среды в крупных речных бассейнах. М., 2005.