ВОЛОГДА
ВО́ЛОГДА – Россиядагы шаар. Вологда обл-нун адм. борбору. Калкы 288,4 миң (2005). Облустун түш. бөлүгүндө, Вологда д-нын боюнда жайгашкан. Ири жолдор тоому. Аэропорту бар. Жазма даректерде алгач 1264-ж. эскерилет. 15– 16-кылымда ири колөнөрчүлүк ж-а соода борбору. Успенье (Содгия), Воскресенье (1772–76) соборлору, Архиерей короосу ансамбли м-н (шаардын арх-ралык доминанты), коомдук туракжайлар,

чиркөөлөр ж. б. сакталган. 2000-жылдан заманбап курулуштары шаардын борб. бөлүгүндө план б-ча курулууда. Тогуз ЖОЖ (филиалдары м-н), китепканалар (а. и. азиздер үчүн), музейлер, Пётр Iнин, акын К. Н. Батюшковдун үй-музейлери, сүрөт гал., театр, филармония бар. Фестивалдар өткөрүлүп турат. Подшипник, оптика-механика з-ддору, сүт комбинаты, троллейбустар м-н автобустар ишканалары, жыгаччылык станоктору, машина куруу, эмерек, жеңил, тамак-аш, курулуш материалдар өнөржайлары иштейт. Көркөм промысели, сувенир буюмдар-
ды жасоо өнүккөн. 15–17-кылымда Приморье, Сибирь ж-а Батыш Европа м-н соода очогу, 1782-ж. наместникчиликтин, 1796-жылдан В. губерниясынын борбору болгон. Совет өкмөтү 1917-ж. 12 (25)-декабрда орно гон.
Ад.: Вологда: Краеведческий альманах. Вып. 1–4. Вологда, 1994–2003.