ВОЛЬТ
ВОЛЬТ (В, V) – Бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) электр чыңалуусунун, электр кыймылдаткыч күчүнүн (ЭКК) ж-а электр потенциалдарынын бирдиги. 1 В – электр тизмегинде кубаттуулугу 1 Вт болгондо 1 А турактуу ток күчүн пайда кылуучу электр чыңалуусу. В. эң алгач Парижде Электриктердин 1-эларалык конгрессинде (1881) ЭЭКтин практикалык бирдиги катары кабыл алынган. Вольт италиялык физик А. Вольтанын ысымынан аталган.