ВОЛЬФ
ВОЛЬФ Христиан (24.1.1679, Бреславль – 9.4.1754, Галле) – немис философ-рационалисти, алгачкы агартуучулук агымдын ири өкүлү, идеологу. Вольф Лейбництин окуусунун тарапкери, анын метафизикалык, логикалык, психологиялык идеяларын ж-а тааным теориясын кабыл алган. Вольф биринчилерден болуп теориялык илимдер м-н эмпирикалык колдонмо билимдерге аныктама берип, аларды ажыратып, ар кимисин өзүнүн арналышына карата колдонуу маселесин караган. Ал эми философияны болсо, байланыштардын, себептердин ж-а негиздердин тегин изилдөөчү илим катары түшүнгөн. Вольфтун философия системасында кеңири изилдегени – онтология. Саясатта Вольф өзүн табигый укук теориясы м-н агартуучулук абсолютизмдин тарапкерлеринин катарына кошкон.