ВОТЧИНА
ВО́ТЧИНА – жерди (курулуш, унаа-шайманы м-н кошо) ж-а көз каранды дыйкандарды феодалдык менчиктөөнүн, ошондой эле ал менчиктөөгө байланыштуу укуктар комплекси. Вотчина европалык ар кайсы элде ар кандай (сеньория, манор, поместье ж. б.) аталган. Р о с с и я д а 11–18-кылымда өкүм сүргөн феодалдык жер менчигинин бир түрү да Вотчина деп аталган. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) дегенден келип чыккан. Ээси Вотчинасын сатып, ошондой эле мураска да калтыра алган. Ири Вотчиналар 15-кылымдын аягына чейин феодалдык ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон. Борбордошкон орус мамлекети күчөп турганда поместьелик жер ээлөө өнүгүп, княздык ж-а боярдык Вотчиналар опричнинанын кысымынан кедери кеткен. 16–17-кылымда Вотчина м-н поместье (чектелген ж-а шарттуу жер ээлөө) жакындашып, ал экөө Пётр Iнин жеке мурас жөнүндөгү указы боюнчача (1714) бириктирилген.