ВОТЧИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ТЧИНА – жерди (курулуш, унаа-шайманы м-н кошо) ж-а көзкаранды дыйкандарды феод. менчиктөөнүн, о. эле ал менчиктөөгө байланыш­туу укуктар комплекси. В. европ. ар кайсы элде ар кандай (сеньория, манор, поместье ж. б.) аталган. Р о с с и я д а 11–18-кылымда өкүм сүргөн феод. жер менчигинин бир түрү да В. деп атал­ган. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) де­генден келип чыккан. Ээси В-сын сатып, о. эле мураска да калтыра алган. Ири В-лар 15-кылымдын аягына чейин феод. ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон. Борбордошкон орус мамлекети күчөп турганда поместьелик жер ээлөө өнүгүп, княздык ж-а боярдык В-лар опричнинанын кы­сымынан кедери кеткен. 16–17-кылымда В. м-н поме­стье (чектелген ж-а шарттуу жер ээлөө) жакын­дашып, ал экөө Пётр Iнин жеке мурас ж-дөгү указы б-ча (1714) бириктирилген.