ВРАНГЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРА́НГЕЛЬ Фердинанд Петрович (Фердинанд Фридрих Георг Людвиг) [1797, Псков –1870, Дерпт (Тарту), Эстония] – орус деңиз саякат­чысы, барон (1855), адмирал (1856), генерал­адъютант (1856), корр. мүчө (1827), Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1855). Деңиз кадет кор­пусун бүткөн (1815). Орус география коомун уюш­туруучулардын бири. 1817–19-ж. В. «Камчатка» кемеси м-н дүйнөнү айланып чыккан экспеди­цияга катышкан. 1820–24-ж. Колыма экспеди­циясына башчылык кылып, Сибирди чулгаган Муз деңизин, Сибирдин түн.-чыгыш жээктерин, Индигирка д-нын чатынан Колючи булуңчасы­на чейинки аралыкты изилдеген. Аюулуу а-н картага түшүрүп, Кол ыма д-нын чатынан түндүктө ж-а Шелаг тумшугу тушта ачык деңиз (мурда кургактык деп божомолдонгон) бар эке­нин аныктаган. Полярдык деңиз толугу м-н тоң­богонун далилдеп, арал бар экенин айткан. Ал аралды 1867-ж. Т. Лонг ачып, В-нын ысымы­нан аталган 1824–27-ж. «Кроткий» кемеси м-н дүйнөнү айланып чыккан орус экспедициясын, 1829–35-ж. Аляскада жашаган орус тургунда­рын жетектеген. Лондондогу география король коомунун корр. мүчөсү (1837). Демидов сыйлы­гы (1842) ж-а 4-даражадагы Ыйык Георгий ор­дени м-н сыйланган (1837). Анын атынан Түн. Муз ж-а Тынч океандарындагы аралдар, Аляс­кадагы тоо, тумшук, бухта ж-а Алеут а-ндагы тоо атал ган.

Ад.: Пасецкий В. М. Врангель Ф.П. М., 1975; Давыдов Ю. В. Врангель В. Ф. М., 1959; Масленников Б. Г. Морская карта рассказывает/ 2-е изд. М., 1986.