ВРАЧТЫК ЭМГЕК ЭКСПЕРТ КОМИССИЯСЫ (ВЭЭК)
ВРАЧТЫК ЭМГЕК ЭКСПЕ́РТ КОМИССИЯСЫ (ВЭЭК) – анатомиялык кемтиктерден ж-а оорунун кесепетинен ишке жарамдуулукту убактылуу же узакка жоготууну, майыптыктын топторун, анын себептерин аныктоочу врачтык комиссия. Бул Кыргыз Республикасында 1939-ж. уюшулган. ВЭЭК райондук, район аралык, шаардык, облутук, республикалык болуп, медициналык мекемелердин базасында Эмгек ж-а социалдык жактан коргоо министрлигинин медицина-социалдык экспертиза башкы башкармасы уюштурат. ВЭЭК негизги адистиктеги (терапевт, хирург, неврапатолог ж. б.) врачэксперттерден турат; комиссиянын карамагына, ошондой эле профсоюз уюмдарынын ж-а социалдык камсыздандыруу органынын өкүлдөрү да кирет. ВЭЭК эмгекке таптакыр же узакка жарамсыздыгын аныктап, эмгекке жарамдуулукту толук же жарым жартылай калыбына келтирүү үчүн керектүү иш-чараларды белгилейт. ВЭЭКтин чыгарган жыйынтыгынын негизинде жумушчулар ж-а кызматкерлер кесиптик жумуштарынан бошотулат, аларга мамлекеттик мыйзам боюнча пенсия дайындалат.