ВУЛКАНОЛОГИЯ
ВУЛКАНОЛО́ГИЯ – геологиянын жанар тоолорду изилдеген тармагы. Жанар тоолордун пайда болуу процесстерин, аракетке келүү ж-а атылып чыгуу себептерин, өнүгүп-өөрчүшүн, атылып чыккан материалдардын курамын, анын жер бетинде таралуу закон ченемин ж. б. кубулуштарын изилдейт. Вулканологиянын негизги максаты – жанар тоолордун атылып чыгышын алдын ала билүү жолдорун табуу ж-а андан чыккан ысык суу м-н буулардын жылуулук энергиясын эл чарбасынын керектөөсүнө пайдалануу. Бул маселелерди чечүүдө Вулканология геология, геотектоника, геофизика, геохимия ж. б. илимдердин маалыматтарын кеңири пайдаланат.