ВУЛКАНОЛОГИЯ
ВУЛКАНОЛО́ГИЯ – геологиянын жанартоолорду изилдеген тармагы. Жанартоолордун пайда болуу процесстерин, аракетке келүү ж-а атылып чыгуу себептерин, өнүгүп-өөрчүшүн, атылып чыккан материалдардын курамын, анын жер бетинде таралуу законченемин ж. б. кубулуштарын изилдейт. В-нын негизги максаты – жанартоолордун атылып чыгышын алдынала билүү жолдорун табуу ж-а андан чыккан ысык суу м-н буулардын жылуулук энергиясын эл чарбасынын керектөөсүнө пайдалануу. Бул маселелерди чечүүдө В. геология, геотектоника, геофизика, геохимия ж. б. илимдердин маалыматтарын кеңири пайдаланат.