ВХУТЕИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВХУТЕИ́Н , Жогорку көркөм техни­калык институт – 1926–1930-жылдарда­гы Москва жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. Вхутеин Вхутемастын жолун жолдоп, ордун бас­кан жана көп учурда анын антиреалисттик прак­тикасын уланткан. Керектүү реалисттик устат­тыкка жетиш үчүн Вхутеинди бүткөн таланттуу сү­рөтчүлөр өз алдынча билимдерин өркүндөтүшкөн.

Вхутеин 1930-жылы жоюлган. Анын базасында Ленин­градда (азыркы Санкт-Петербург) көркөм сүрөт институ (1944-жылдан Живопись, скульптура жана архитектура институту) жана Москвадагы архитектура институту негизделген.