ВХУТЕМАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВХУТЕМА́С , Жогорку сүрөт-техни­калык өнөркана – 1920–1927-окуу жылдардагы Москва көркөм сүрөт окуу жайы. В. Строганов окуу жайы Живопись, бедизчи­лик, зодчийлик окуу жайы менен бириктирилген­ден пайда болгон. Вхутемаста живопись, полиграфия, бедизчилик, архитектура, текстиль, керамика, жы­гач иштетүү, металл иштетүү факультеттери болгон. Вхутемастын программалары көркөм сүрөт искусствосу­нун идеялык-образдык мазмунун чечкиндүү жокко чыгарган формалисттик көркөм маданият институту тарабынан иштелип чыккан. Студенттер­дин массалык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин гана Вхутемастын живопись факультетинде 1921-жылдын аягы, 1922-жылдын башында А. Е. Архиповдун, Д. Н. Кардовскийдин реалисттик өнөрканалары жана Д. А. Щербиновскийдин анатомия сүрөт өнөр­канасы пайда болгон. 1926–1927-окуу жылында Вхутемас Вхутеин болуп кайра түзүлгөн.