ВЫГОТСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫГО́ТСКИЙ Лев Семёнович [5 (17).11.1896, Орша – 11.6.1934, Москва] – психолог. МГУда ж-а Шанявский ун-тинде окуган. Ар кандай пси­хол. процесстерди изилдөөнүн жаңы ыкмала-
35–100


рын, жогорку психологиялык функциялардын өнүгүшүнүн маданий-тарыхый концепциясын иштеп чыккандыгы м-н белгилүү болгон. В-дин теориясы б-ча балдардын дүйнөнү кабылдоосу, түшүнүүсү айланасындагы адамдар м-н кызмат­ташуунун натыйжасында калыптанат. Ал өнүгүүнүн жакынкы зонасы идеясын сунуш кыл­ган. Москвада аномалдуу балдар психологиясы лабораториясын негиздеген (1925–26). Пед. ж-а патол. психология б-ча көптөгөн эмгектердин автору. Ой м-н сөздүн катышы, түшүнүктөрдүн онтогенездеги өнүгүшү ж. б. проблемалардын үстүндө иштеген. Атамекендик ж-а дүйнөлүк психология, педагогика, дефектология, фило­софия сыяктуу илимдердин өнүгүшүнө зор са­лымын кошкон.