ВЯТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЯ́ТКА – Россиянын Киров облусу м-н Татарстан­дагы дарыя, Каманын оң куймасы. Узундугу 1314 км, алабынын аянты 129 миң км2. Жогорку Кама дөңсөөсүнөн (Удмуртия) башталат. Кө­бүнчө түздүк аркылуу агат. Негизги куймала­ры: Кобра, Молома, Пижма (оң), Чепца, Киль­мезь (сол). Орточо чыгымы 890 м3/сек. Ноябрдан майга чейин тоңот. Киров шаарынан, жазында Кирс пристанынан баштап кеме жүрөт. Сал агызы­лат. Боюнда Слободской, Киров-Чепецк, Киров, Орлов, Советск, Халтурин, Котельнич, Вятские Поляны шаарлары жайгашкан.