ГОЛОТУРИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛОТУРИЯЛАР (Holothuriоidea), д е ӊ и з б а д ы р а ӊ ы – омурткасыз деӊиз жаныбарларынын ийне терилүүлөр тибинин классы. Денеси көнөчөктөй же курттай. Узундугу бир нече ммден 2 мге жетет. Көпчүлүгүнүн тинтүүрлөрү, буттары, папиллалары бар. Денесинин бир жагында тегерете тинтүүрлөрү м-н курчалган оозу, башка учунда аналдык тешиги жайгашкан. Тинтүүрлөрү м-н азыгын кармайт. Ичегиси узун түтүкчөдөй. Метаморфоз жолу м-н өрчүйт. Алардын 1100гө жакын түрү бардык океан м-н деӊиздердин түбүндө жашайт, планктон же ылай м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 10дөй түрү бар. Голотуриялардын көп түрү Кытай ж-а Японияда тамак катары колдонулат.