ВИКТОРИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВИКТОРИ Я ЧОӉ ЧӨЛҮ to ВИКТОРИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ – Австралиянын түштүгүндөгү кумдуу чөл. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 150–300 м. Дайыма жүрүп туруучу шамалдын багытына карай жаткан кум жалчалары басымдуу (бийиктиги 10– 30 м); ал спинифекс өсүмдүктөрүнүн тамырла­ры м-н бекемделген. Жылдык жаан-чачыны 125–250 мм. Улуттук парк уюшулган.