ВИКТОРИЯ (Чыгыш Африкадагы көл)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВИКТОРИЯ to ВИКТОРИЯ (Чыгыш Африкадагы көл)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ , В и к т о р и я - Н ь я н з а, У к е­р е в е – Чыгыш Африкадагы көл. Танзания, Кения ж-а Уганда мамлекеттеринин чегарасын­да. Чыгыш Африка платформасынын тектоникалык ийилүүсүндө жайгашкан. Аянты 68 миң км2 (тузсуз көлдөрдүн ичинен чоңдугу боюнча дүйнөдө 2-орунда). Тереңдиги 80 мге чейин. Жээги ой­дуңдуу, булуң-буйткалуу. Аралдары көп (жал­пы аянты 6 миң км2дей). Көп дарыялар куят; эң чоңу – Кагера (Нилдин башаты); Виктория-Нил суусу агып чыгат. Толкун пайда кылуучу катуу шамал болуп турат. Балык кармалат (не­гизги промыселдик балыгы – балти). Кеме жү­рөт. Негизги порттору: Энтеббе (Уганда), Мван­за, Букоба (Танзания), Кисуму (Кения). Түндүк жээгине жакын Уганданын борбору – Кампала шаары орун алган. Викторияны Инди океанынын жээк­тери м-н байланыштыруучу Кисуму – Момбаса ж-а Мванза – Табора – Дар-эс-Салам темир жо­лу бар. Рубондо аралында (Танзания) улуттук парк уюшулган.