ВИНЬЕТКА

ВИНЬЕ́ТКА (французча vignette – жүзүмдүн сабагы, жалбырагы) – китептин же кол жазма текстинин (главанын, бөлүмдүн дагы ушул сыяктуу) башында же аягында кооздоп тартылган чакан сүрөт. Эреже катары, Виньетка өзүнүн мазмуну боюнча текст менен бирдикте улуттук оймо-чиймени чагылдыруу аркылуу жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү көрсөтүп турат.