ВОЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬТ (В, V) – Бирдиктердин эл аралык сис­темасында (СИ) электр чыңалуусунун, электр кыймылдаткыч күчүнүн (ЭКК) ж-а электр по­тенциалдарынын бирдиги. 1 В – электр тизме­гинде кубаттуулугу 1 Вт болгондо 1 А турак­туу ток күчүн пайда кылуучу электр чыңалуу­су. Вольт эң алгач Парижде электриктердин 1-эл а­ралык конгрессинде (1881) ЭЭКтин практика­лык бирдиги катары кабыл алынган. Вольт италиялык физик А. Вольтанын ысымынан аталган.