ВРАЧТЫК ЭМГЕК ЭКСПЕРТ КОМИССИЯСЫ (ВЭЭК)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРАЧТЫК ЭМГЕК ЭКСПЕ́РТ КОМИССИЯСЫ (ВЭЭК) – анатомиялык кемтиктерден ж-а оорунун ке­сепетинен ишке жарамдуулукту убактылуу же узакка жоготууну, майыптыктын топторун, анын себептерин аныктоочу врачтык комиссия. Бул Кыргыз Республикасында 1939-жылы уюшулган. ВЭЭК райондук, район аралык, шаардык, облутук, республикалык болуп, медициналык мекемелердин базасында Эм­гек ж-а социалдык жактан коргоо министрли­гинин медицина-социалдык экспертиза башкы баш­кармасы уюштурат. ВЭЭК негизги адистикте­ги (терапевт, хирург, невропатолог ж. б.) врач­ эксперттерден турат; комиссиянын карамагы­на, ошондой эле профсоюз уюмдарынын ж-а социал­дык камсыздандыруу органынын өкүлдөрү да кирет. ВЭЭК эмгекке таптакыр же узакка жа­рамсыздыгын аныктап, эмгекке жарамдуулук­ту толук же жарым жартылай калыбына кел­тирүү үчүн керектүү иш-чараларды белгилейт. ВЭЭКтин чыгарган жыйынтыгынын негизинде жумушчулар ж-а кызматкерлер кесиптик жу­муштарынан бошотулат, аларга мамлекеттик мый­зам боюнча пенсия дайындалат.