БАЗАРОВ Ыймаш
БАЗАРОВ Ыймаш [1917, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кольцовка (азыркы Бөкөмбаев) кыштагы - 1977-жыл ошол эле жерде] - кой ферма башчысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958), 1934-жылдан Тоң районундагы Ленин атындагы колхоздо колхозчу, кой ферма башчысы. Ал жетектеген ферма кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-жылы 15700 ириктин ар биринен 3,191 кг жүн кыркып алган. Мамлекетке тапшырылган 2200 ириктин ар биринин тирүүлөй орточо салмагы 67 кгга

жеткен. 1958-жылы 17559 ириктин ар биринен 3,420 кг жүн кыркылган. Ленин ордени м-н сыйланган.