БАЗИЛИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗИЛИКА (гр. Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр м-н узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик ж-а кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган ж-а апсида м-н бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы Базилика Деллос аралында б. з. ч. 210-жылы курулган. Рим шаарында Базилика сот ж-а соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши м-н Базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь м-н бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык Базиликалар бай мозаика м-н кооздолгон ж-а 4-6-кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б. курулган.