БАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙ - кыргыз коомунда малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. О. эле О. Азия, Казакстан аймактарында, Кавказдын айрым жерлеринде да көп сандаган мал, байлык күткөндөр ж-а ири жер ээлери Б. аталып, Октябрь Рев-ясынан кийин алар коомдук социалдык катмар - «эзүүчү» тап катары Совет бийлиги тарабынан «түп-тамырынан» жоюлган. Байыркы кыргыздын рун жазууларында, бүгүн­кү күнгө чейин сакталып жеткен түрк тилдүү кол жазмаларда Б. деген аталыш кеңири кезде­шип, мал-мүлкү бар адамдарга карата аптылган. Ири Б-лар түмөндөгөн төрт түлүк малды, жа­йыттарды же зор аймактагы апдоо аянттарды менчиктеген. Мис., Кочкор өрөөнүндөгү Шамен Сейит уулунун 2000 жылкысы, 3000 кою, 200 төөсү, 300 ую; Солтонсары м-н Каракужурду ээлеген Калча байдын 10 000 кою, 1000 жылкысы, 200дөй топозу болгон. Калчанын малын 21 койчу, 15 жылкычы баккан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Б-лар ири жер ээлери бо­лушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабу­калык Калмабай 270 танап (1 танап - 1/6 га жакын) жер ээлешкен. Б. кыргыз коомунда ба­раандуу орун ээлеген. Алар коомдук мамиледе ж-а чарба башкарууда уюштургуч, жаратуучу катары маанилүү роль ойногон. Б. Солтоноев­дин жазганына караганда кыргыз баллары төртке бөлүнгөн: 1) «чоң Б.». Калк арасында күткөн аброюна карата, сөөлөттүү жүрүм-турумуна жа­раша аларга «мырза Б.», «март Б.», «уюткулуу Б.» деген ызааттоо эпитети колдонулган. Уюткулуу Б., демек, байлык атадан балага калып, анын көлөмү кемибегендерге карата айтылган. Бай адамдын таза кийинип, мырзалык жүрүм-туру­му м-н эл башкарып, колунда бар байлыгына чиренбестен букараларына, коңшу-колоңдоруна кайрылып жардам кылып турушу анын март­тыгын билдирген. Адатта чоң Б-дын саясий­коомдук статусу манаптарга жакын болуп, алар бийлик ишине олуттуу таасир көрсөтө алышкан; 2) «сараң Б.» - сараңдыгынан улам калк арасында аларды «чык татырбас Чыйбыл Б.» деп да аташкан; 3) «сасык Б. же кокуй Б.» - алар мал туягын санап, үйүнөн ырымга да кан чыгарбастан, өлгөн жандыктын этин жешкен. Жакшы кийинип, кенен ичип-жегенди жаман көргөн; 4) «жеке мерез Б.», «макоо Б.» - алар жанына коңшу жолотпостон, жайы-кышы жал­гыз конгон. Буюм сураса урушуп, берген эмес. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук бай­латпайт, жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошондон калса керек. Совет идеологиясы бай адамдар ж-а байлык тууралуу атайылап терс көзкараш таратып, Совет бийлиги алгачкы жылдардан эле Б-га чек­төө саясатын жүргүзгөн. 1927-28-ж. Кырг-н­да жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын учурунда 494 байдын жеке менчик чарбасы жоюлуп, 3447 оокаттуу чарба кысымга алынган ж-а алар­дын 17277 га жери коомдоштурулган. 1929-ж. Кыргыз АССР БАКтын ири Б-лар м-н манап­тарды респ-нын чегинен сырткары жер которуш­туруу ж-дөгү чечимине ылайык, оокаттуу чарба ээлеринин көпчүлүгү үйбүлөсү м-н башка жак­тарга (Украина) айдалган. Ал эми жеке чарба­ларды коллективдештирүүнүн негизинде «Б-лар­дын калдыгы» тап катары биротоло жок кы­лынган. Идеол. жобого ылайык, аларга каршы күрөш соц. рев-янын мыйзамы катары түшүн­дүрүлгөн. Ил. эмгектерде, адабий чыгармаларда кыргыз Б-лары асыресе ачкөз, каардуу ж-а ке­дей-кембагалдын канын соргон мите сыяктуу сүрөттөлгөн. Совет бийлигинин саясаты ошол мезгилдеги кыргыз мад-тынын, кыргыз руху­нун нукура интеллектуалдык өкүлдөрүн «Б.» деген шылтоо м-н эзүүчү тап катары жок кылып жибергендиги маалым. КР эгемендикке ээ болгону өлкөдө жеке менчикке негизделген коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында жеке ишка­налар, окуу жайлар, мектептер, дарылоо меке­мелери ж. б. ачылып, адамдарга өзалдынча байлык топтоого мүмкүндүктөр берилди. Учурда өлкөдө иши м-н таанылган жеке ири ишкана ээлери, бай ишкерлердин катары күн санап өсүүдө. М. Кожобеков.