БАЙБИЧЕ (ЖЕЛАРГЫ) ГРАНИТ—СИЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙБИЧЕ (ЖЕЛАРГЫ) ГРАНЙТ—СИЕНЙТ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин шаар­часынан 10 км түш.-чыгыш тарапта Байбиче­нин Соорусу тоосунда. 1961-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит-сиенит интрузиясынан турат. Ал ири массивди түзүп, Чүй суусун бойлой жайгашкан. Арасында порфирит дайкалары, көптөгөн кварц-турмалин­дүү тарамча тулкулары бар. Гранит-сиенит орто кристаллдуу, катуу, тыгыз, кысууга чыдам­дуулугу 2183-2711 кгс/см2. Көлөмдүк массасы 2,6-3,05 г/см3; блоктуулугу 50%. Жүк көтө­рүмдүүлүгү жогору болгондуктан, майдала­нып темир жолдорго төшөлөт. Баланстык запасы А+В категориясы б-ча 5577 миң м3, С13991 миң м3.