БАЙГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙГЕ — мелдеште жеңгендиги үчүн берилүүчү сыйлык. Ат чабыш, жорго салыш, эр салыш, оодарыш, балбан күрөш, жөө жарыш, ордо, бука тартыш, бута атыш, жамбы атыш, кыз куумай, тыйын эңмей, көкбөрү, сундуй көтөрүү ж. б. эл­дик оюндарда жеңгендерге Байге берилген. Байгеге мал, мүлк, пул, кийим, кооздук буюм ж. б. сый­лыктар коюлган. Мисалы, Шабдандын ашындагы чоң ат чабыштын 1-байгеси 5000 сом болгон. Азыркы учурда Байгеге автомашина ж. б. буюм­дар, ошондой эле акчалай сыйлыктар берилүүдө.